19.08.2024

Кароолор: (6)

ЖЕР АСТЫНАН ТАЗА СУУ ЧЫГАРЫЛДЫ.

Бир ай мурда казылып баштаган, таза суу чыгарылды. Жер астынан чыгарылган суу, түтүкчө аркылуу суу кампасына жеткирилет.

Бул Эмират эл аралык кайрымдуулук фонду тарабынан каржыланган. Суунун чыгуу аземине аталган фонддун Президенти Рахматтулла Эгембердиев, демилгечилердин бири, шаардык кеңештин депутаты Замирбек Сейтказыев, Баткен шаарынын “Таза суу” муниципалдык ишканасынын директору Зилалидин Олжоев жана жергиликтүү жашоочулар катышты.

Былтыркы жылы кошумча суу кампасын курууга Баткен шаарынын мэри Имамназар Буркановдун демилгеси менен жергиликтүү бюджеттен 3 миллион сом акча каражаты бөлүнгөн.

Аталган демилге быйылкы жылдын планына киргизилген.

Бул иш чара аткарылган соң Чет-Булак аймактык башкармалыгындагы жана Кызыл-Дөң аймактык башкармалыгындагы Тамаша жай аймагынын 600 дөн ашуун кожолугу таза суу менен үзгүлтүксүз камсыз болот.