21.11.2024
Кароолор: (4)
ЖЕР ТИЛКЕСИ КӨП ЖЫЛДАН БЕРИ БЕРИЛЕ ЭЛЕК

Баткен шаарынын аймагынан жергиликтүү жашоочуларга, турак жай курууга жер тилкеси 2011-жылдан бери бериле элек.
Жер алуу үчүн кезекте турган жарандарга турак жай салуу үчүн жер берүүгө багытын өзгөртүп трансформациядан өткөрүү маселеси бар болгондуктан, Баткен шаарынын тургундарына жер берүү артка жылдырылып келет.
Баткен шаарынын Чет-Булак кварталынын аймагынан 41,6 га жана Кызыл-Жол кварталынын БАМ участкасынан 158,0 га жалпы 199,6 га жер аянтын “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Калктуу конуштардын жерлери” категориясына которуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине сунушталган.
Бүгүнкү күндө Баткен шаарынын аймагында жашап жаткан жашоочулар жер алуу үчүн 5 миңден ашуун адам электрондук кезекте турат.