31.05.2024
Кароолор: (25)
ЖЕТЕКЧИЛЕР МАЙЫПТЫГЫ БАР БАЛДАРДЫ КУТТУКТАДЫ

Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунунун тарбиялануучулары белек алды.
1-июнь “Эл аралык балдарды коргоо” күнүнө карата Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов бүгүн 31-май күнү Баткен шаарындагы “Нур” балдарды калыптандыруу борборунда тарбияланып жаткан тарбиялануучуларды куттуктап, белек беришти.
“Нур” балдарды калыптандыруу борборунда учурда 32 бала тарбия алып жатат. Бирок кезекте тургандардын саны көп болгондуктан, кошумча имарат салуу муктаждыгы жаралган. Баткен шаарынын мэриясы бул борборго имарат салуу үчүн жер аянтын бөлүп берген.