13.04.2024

Кароолор: (11)

ЖЕТИ ДУБАНДЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШТЕРИНИН ЭЛ ӨКҮЛДӨРҮ БАТКЕНДЕ

Бүгүн 13-апрелде “Достук кербени”-деп аталган иш чаранын алкагында Баткен шаарына жети дубандын жергиликтүү кеңештеринин депутаттары келишти.

Үстүбүздөгү жылдын 13-14-апрель күндөрү Баткен шаарында салтка айланган тажрыйба алмашуу, өз ара байланыштарды чыңдоо жана сергек жашоо мүнөзүн пропагандалоо максатында республикалык жана областтык маанидеги шаарлардын жергиликтүү кеңештеринин эл өкүлдөрүнүн катышуусунда иш-чара өткөрүлдү.

Иш чарага Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев, Баткен шаарынын мэри Имамназар Бурканов, Баткен шаардык Кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов жана Баткен районунун акими, Баткен областтык мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жети дубандан келген эл өкүлдөрүнүн расмий жолугушуусу Баткен облустук А.Жайнаков атындагы музыкалык драма-театрында башталып, анда Баткен шаардык Кеңештин төрагасы Алтынбек Аширов баяндама жасады.

Андан кийин "Мадина" эстелигинин жанында 2021-жылдын 28-30-апрелинде жана 2022-жылдын 14-17-сентябрында кыргыз-тажик чек ара чыр-чатактарында мекен чебин баатырларча коргоп, курман болгондорго арналып, куран багышталды.