17.07.2024
Кароолор: (5)
ЖОЛ БОЮНДА ИРЕТСИЗ СООДА КЫЛГАНДАРГА АЙЫП ПУЛ САЛЫНДЫ

Бүгүн 17-июль күнү Баткен шаарындагы жол боюна унааларды иретсиз коюп, коон, дарбыз саткан соодагерлерге түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.
Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери “соода сатык” аталышындагы рейд өткөрүүдө. Шаардыктарга жана конокторго тоскоол жаратып, жол боюнда иретсиз соода сатык жүргүзгөн жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, айрымдарына протокол толтурулуп, айып пул салынды.
Мыйзамга биш ийбей өз билемдик менен Баткен шаарынын мэриясы көрсөтүп берген жерлерде эмес каалаган жерде соода жүргүзгөн жарандарга айып пул салынаары эскертилди.
Баткен ШИИБи боюнча ЖКККБнын кызматкерлери ушул жылдын 16-июлунан 25-июлга чейин Баткен шаарынын аймагында “соода сатык” аталышындагы рейт жүргүзөөрүн эскертет.