Вакансиялар

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Жарыяланган датасы:

04.08.2025

Акыркы күн  18.08.2025

Квалификациялык талаптар  

Баткен шаарынын мэриясы: Баткен шаарынын мэриясынын улук, кенже административдик муниципалдык кызмат орундарынын тобуна 

АЧЫК КОНКУРС ЖАРЫЯЛАЙТ

Улук топтогу административдик муниципалдык кызмат орундарына квалификациялык талаптар:
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- жогорку билим.
. 2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- жалпысынан 1 жылдан кем эмес мамлекеттик жана муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдө 3 жылдан кем эмес иш стажы;
жогорку билим, юриспруденция, укук таануу багытында, экономика жана финансы багыттары боюнча, мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, айыл чарба, гуманитардык, табигый илимдер, техникалык, курулуш, инженер, энергетика багыттары боюнча.
3) Кесиптик компетенттүүлүгү:
- Төмөнкүлөрдү билүү:

Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы; 
- "Жарандардын кайрылууларын кароонун тартиби жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 
- "Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 
- "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө"Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 
- "Коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамы; 
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы № 120 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасында иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү нускамасы”;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: 
- Кыргыз Республикасынын “Эмгек кодекси жөнүндө”
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик тили жөнүндө” Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”;
- Кыргыз Республикасынын “Административдик-аймактык түзүлүшү туралуу” мыйзам; 
- Кыргыз Республикасынын “Жер казынасы” жөнүндө мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Элдик Курултай жөнүндө Конституциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;

Кенже топтогу административдик муниципалдык кызмат 
орундарына квалификациялык талаптар: 
1) Кесиптик билимдин деңгээли:
- Жогорку билим же атайын орто кесиптик билим.
2) Иш стажы жана тажрыйбасы:
- иш стажына талап коюлбайт;
-Жогорку билим же атайын орто кесиптик билим: юриспруденция, укук таануу багытында, экономика жана финансы багыттары боюнча, Мамлекеттик жана муниципалдык башкаруу, юриспруденция, гуманитардык, табигый илимдер, программист, техникалык, курулуш, инженер, энергетика багыттары боюнча.
Кыргыз Республикасынын жалпы мыйзамдарын:
- Кыргыз Республикасынын Конституциясы;
- Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана
муниципалдык кызмат жөнүндөгү” Мыйзамы;
-Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 3-мартындагы №120 токтому менен бекитилген КРнын иш кагаздарын жүргүзүү боюнча типтүү инструкциясы;
Тиешелүү тармактагы мыйзамдар: 
- Кыргыз Республикасынын Эмгек кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Балдар жөнүндө кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик тили жөнүндө Конститиуциялык мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө” мыйзамы;
- Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 31-майындагы ПЖ №171 Жарлыгы менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын Этика кодекси;
- Кыргыз Республикасынын Айыл чарбасын өнүктүрүү жөнүндө мыйзамы.
Ар бир талапкер:
- коммуникабелдүү; 
- өз алдынча иштөөгө жөндөмдүү;
- кыргыз жана орус тилдеринде эркин сүйлөй жана жаза билүү;
- компьютер менен иштөөнү билүүсү зарыл (word, excel, Internet Explorer);
Керектүү документтер:
- жеке арызын, кадрларды каттоо баракчасы, өмүр баянын резюмеси, сүрөтү;
- паспорттун көчүрмөсүн;
- керектүү кесиптик билимин, эмгек стажын жана квалификациясын ырастаган документтерин (эмгек китепчесинин, билими, квалификациясын жогорулаткандыгы, илимий даража же илимий наам берилгендиги жөнүндө документтеринин көчүрмөлөрү нотариустан же иштеген жериндеги персоналды башкаруу кызматы тарабынан күбөлөндүрүлөт);
Керектүү документтер 2025-жылдын 18-августуна чейин төмөнкү дарек боюнча кабыл алынат: Баткен шаары И.Жусупов көчөсү №46, Баткен шаарынын мэриясы Уюштуруу иштери жана кадрлар бөлүмү, телефон 5-09-86.
Эскертүү. Бардык квалификациялык талаптарга жооп берген гана талапкерлер конкурска чакырылат.
 

  Кароолор (133)