Вакансиялар
Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы улук жана кенже кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт
Жарыяланган датасы:
29.04.2025
Акыркы күн 22.05.2025
Квалификациялык талаптар kvalifikaciyalyk-talaptar_75552.docx
Баткен райондор аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгы Кыргыз Республикасынын Президентинин «Мамлекеттик жарандык кызматтын
мамлекеттик органынын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарынын кадрлар резервин түзүү жана иштеши
жөнүндө» Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2022-жылдын 2- февралындагы № 24 токтому менен улук жана кенже кызмат орундарын ээлөөгө кадрдык
резервге кабыл алуу үчүн ачык сынак жарыялайт.
Сынакка катышуу үчүн төмөнкү документтер керектелет:
- жеке арыз;
- персоналдык жеке эсеби;
- кадрларды жеке эсепке алуу баракчасы (электрондук почта менен);
– резюме (соттуулугу бар же жок экендиги жөнүндө маалыматтарды көрсөтүү менен);
– негизги жана кошумча билими (бар болсо) тастыктаган документтердин нотариус
тарабынан же акыркы иштеген жери боюнча күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрү;
- нотариалдык күбөлөндүрүлгөн же акыркы иштеген жери боюнча эмгек китепчесинин
көчүрмөсү (иш стажы бар болсо);
– паспорттун көчүрмөсү (түп нускасы сынакка келгенде көрсөтүлүшү керек).
- Соттолбогондугу тууралуу аныктама (ИИМдин Баткен ИИБ МАБнан)
Документтерди кабыл улуунун акыркы мөөнөтү:
Ички резервге катышуу үчүн толтурулган документтер дареги боюнча Баткен райондор
аралык эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция башкармалыгына кабыл алынат.
Жайгашкан жери Ходжаев -10 көчөсү эртен мененки саат 9:00дөн 18:00гө чейин.
Документтер кулактандыруу жарыяланган күндөн тартып 10 жумушчу күндүн ичинде
кабыл алынат. 2025-жылдын 29 апрелинен 2025-жылдын 22-майына чейин